Табигый-педагогикалык факультетинин “Табигый илимий билим берүү” Маалымат кат….
«ЭКОЛОГИЯЛЫК ПРОБЛЕМАЛАРДЫ ЧЕЧҮҮДӨ ЖАШТАРДЫН РОЛУ»
Маалымат кат
Урматтуу студенттер!
Табигый-педагогикалык факультетинин “Табигый илимий билим берүү” кафедрасы «Экологиялык проблемаларды чечүүдө жаштардын ролу» аталышындагы темада студенттердин илимий-практикалык конференциясын уюштурат.
Илимий практикалык конференцияга каалоочу бардык студенттер өз баяндамаларын (илимий докладдар жана макалалар, эсселер) даярдап, “ТИОУ” кафедрасына 2020-жылдын 26-октябрь саат 17.00гө чейин тапшыруулары керек. Илимий-практикалык конференция 2020-жылдын 30-октярында саат 14:00 дө Кыргыз-Өзбек университетинде ZOOM программасы аркылуу өтөт.
Баяндамалар А4 форматында кыргыз жана орус тилдеринде даярдалып, көлөмү 3 барактан кем эмес болушу абзел (Times New Roman 14 шрифтинде 1,5 интервал менен). Жогорку илимий деңгээлде даярдалган баяндамалар атайын белектер менен сыйланып, университеттин сайтына жайгаштырылат.
Баяндамалардын багыты :
— климаттын өзгөрүшү;
— жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, коргоо жана эффективдүү бизнес;
— экологиялык коопсуздук;
— калыбына келүүчү жана альтернативдүү энергия булактары;
— атмосфералык абанын абалы;
-жашыл аймактар;
— экологиялык билим берүү, тарбия жана жаштар арасындагы жасалып жаткан аракеттер, мамлекеттик эмес уюмдардын иш аракеттери;
— экологиялык таза транспорт;
— турмуш тиричилик жана өндүрүш калдыктарын башкаруу;
— коомдук жашыл кыймыл;
— жашыл шаар жана аймактык башкармалыктарда жүрүп жаткан иштерди чагылдыруу;
-дарыя жана суу жээктерин коргоо жана жакшыртуу;
Баяндамалар төмөндөгү секцияларда талкууланат:
1.Жашыл экономика; климаттын өзгөрүшү;жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, коргоо жана эффективдүү бизнес,кайра жаралуучу энергия булактары;
Жооптуу: Бердигулов А. (0555) 259 763
Идентификациялык номер: 843 020 0543 пароль 01
2.Аба жана суу чөйрөсүнүн булгануусу, алардын таасири жана чечүүнүн жолдору, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн учурдагы абалы;
Экологиялык билим берүү, тарбия жана жаштар арасындагы жасалып жаткан аракеттер.
Жооптуу: Кулбаев А.З. (0554) 002 130
Идентификациялык номер: 705 786 8791 пароль 111
Биздин дарек: Ош шаары, Исанова көчөсү 79, 1-кабат, 105с
Электрондук дареги:
Байланыш үчүн телефондор: (0773)419 878 ; (0554) 002 130; (0999) 818 481