Табигый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар
факультетинин жыл жыйынтыктоочу иш чарасы өттү.
Аталган майрамдык иш чарага окуу жайдын жетекчилиги, факультеттин деканы, мугалимдер жамааты, студенттер катышты.
Илим багытында жана спорттук, маданий иш чараларда ийгилик жараткан студенттер факультет тарабынан Ардак грамота, мактоо баракчасы менен сыйланышты.
Андан сырткары факультеттин ичинде жыл мыктылары аныкталып сыйлыктар тапшырылды.
Табигый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультетинин деканы Жумагүл Жээнтаева окутуучулар жамаатынын жана студенттердин жыл ичинде жетишкен ийгиликтерине токтолуп, жалпы катышуучуларды келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктады.
Иш чара студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.




