СЫЙЛЫК СИЗДЕРДИКИ СЫЙМЫК БИЗДИКИ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоо агенттигинин “Мыкты эксперт” номинациясынын жыйынтыгы боюнча аталган агенттиктин эксперти, КӨУнун окуу иштери боюнча проректору, п.и.к., доцент Исаков Топчубай Эргешович Билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоо агенттигинин Ардак грамотасы жана акчалай сыйлык менен сыйланды.
Буга улай эле 2020-жылдын жыйынтыгы менен КӨУнун кызматкерлери Билим, илим кызматкерлер профсоюзунун сыйлыктары менен сыйланышты.
Аталган сыйлыктарды КӨУнун ректору, э.и.д., профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич, КӨУнун Бириккен профсоюз комитетинин төрагасы Эгембердиев Шералы Маннапович тапшырды.
Соңунда КӨУнун ректору, профессор Ч.К.Райымбаев сыйлык ээлерин куттуктап, Билим, илим кызматкерлерине ар тараптуу колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн, Билим, илим кызматкерлер провсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы, профессор Асылбек Токтогуловго, облустук профсоюз комитетинин төрагасы Сабыр Тойгонбаевге, Билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоо агенттигинин директору, профессор Исмаилов Бактыбек Исхаковичке ыраазычылыгын билдирди.