«Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде көргөзмө өттү
Бүгүн, 12-ноябрда «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде Хива шаарындагы «Ичан-Кала» мамлекеттик тарыхый-архитектуралык музей—коругунун көчмө көргөзмөсүнүн ачылыш аземи болуп өттү.
Көргөзмөдө улуу инсандар, тарыхый жерлер тартылган фотоматериалдар көрсөтүлдү.
Иш чарага Ош облустук, шаардык бийлик өкүлдөрүнүн жетекчилери, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, окуу жайдын тарых-филология факультетинин окутуучулары, студенттер, «Ичан-Кала» музей-коругунун, Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин жетекчилери жана кызматкерлери катышты.
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев бул көргөзмө университеттин жамааты, студенттери үчүн өзгөчө мааниге ээ экенине токтолуп, кыргыз, өзбек элдеринин достук мамилеси үзүлбөй, биргелешкен иш аракеттер улана беришине тилектеш экенин билдирди.




