Студенттер Батыралы Сыдыков атындагы стипендияга ээ болушту
Студенттер Батыралы Сыдыков атындагы стипендияга ээ болушту
Бүгүн, окуудагы жетишкендиктери жана коомдогу иштерге активдүү катышкандыктары үчүн Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университенин студенттерине Батыралы Сыдыков атындагы жеке стипендия тапшырылды.
Аталган стипендияларды окуу жайдын ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев жыл мыктыларын сыйлоого арналган кечеде өз ээлерине берип, студенттердин окууларына ийгиликтерди каалап, жалпы жамаатты келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктады.
Белгилей кетсек Батыралы Сыдыков атындагы стипендия былтыркы жылдан бери берилип келет.




