Студенттер арасында өткөн спартакиада жыйынтыкталды
Студенттер арасында өткөн спартакиада жыйынтыкталды
Бүгүн, 7-декабрда Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенттеринин арасында спорттун волейбол, кичи футбол, баскетбол, стол тенниси, тогуз коргоол, шахмат, жеңил атлетика түрлөрү боюнча өткөн мелдеш жыйынтыкталды.
Студенттер арасында өткөн спорттук мелдештин жеңүүчүлөрү диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Спорттук иш чаранын жыйынтыктоочу бөлүгүнө университеттин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Сыргак Сарыков, факультеттердин декандарынын орун басарлары, дене тарбия мугалимдери катышып, жеңүүчү командаларды куттуктап, сыйлыктарды тапшырышты.




