Студенттерге президенттик стипендия тапшырылды
Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин 3 студенти Президенттик стипендиянын ээси болушту. Аталган стипендияларды Президент Садыр Жапаров бүгүн 14-декабрда студенттерге тапшырды.
Мамлекет башчы жолугушууда аларды окуудагы жетишкендиктери менен куттуктап, мындан ары дагы талыкпай изденип, ийгиликтерди жарата бергиле деген каалоосун билдирген.
Быйылкы жылы өлкө боюнча окууда ийгилик жараткан 80 студент аталган стипендияга татыктуу деп табылган.



