Структуралык түзүмдөрдүн жетекчилеринин (деканаттар, дирекциялар, кафералар, бирикмелер) жана профессордук-окутуучулар жамаатынын эсине!

Кыргыз-Өзбек университетинде окуу процесси ректордун 2020-жылдын 16-мартындагы №21-ни буйругунун негизинде 16-марттан тартып толук түрдө дистанттык окутуу технологиясын колдонуу менен жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу төмөнкү иш чараларды толук денгээлде аткаруунуздарды суранам:

1.        Факультеттердин деканаттары, колледждердин жана лицейдин дирекциялары тарабынан  бардык структуралык түзүмдөрдүн күндүзгү, кечки жана сырткы бөлүмдөрү боюнча сабактардын жадыбалдарын  университеттин сайтына (https://kuu.kg/) жана  АВНге (https://kuu.kg/avn/ билим берүү порталына) жүктөөнү толук ишке ашыруу;

2.        Түзүлгөн жана бекитилген сабактардын жадыбалына ылайык күндүзгү, кечки жана сырткы бөлүмдөрү боюнча бардык предметтик окутуучулар АВН85 программасына мааалыматтарды  (лекциялык материалдар, практикалык жана лабораториялык жумуштардын тапшырмалар, модулдук суроолор, тесттик суроолор ж.б) жүктөп, студенттер менен кайтарым байланыштарды жогорку денгээлде жүргүзүүсү зарыл. АВН85 программасынан сырткары социалдык түйүндөр (whatsapp, telegram и facebook) аркылуу  группаларды түзүү, студенттерге керектүү материалдарды жиберүү, кайтарым байланыштарды жүргүзүү. Эскертүү: АВН85 программасына мурда жүктөлгөн кээ бир материалдар ссылка болуп окулбай жатат. Ошондуктан окутуучулар АВН85 программасына кирип, кээ бир окулбай жаткан  окуу-усулдук материалдарды (лекциялык материалдар, практикалык жана лабораториялык жумуштардын тапшырмалары, модулдук суроолор, тесттик суроолор ж.б) кайрадан жүктөөсү зарыл;

3.        Бардык студенттердин логин жана паролдорунун жардамында аталган билим берүү порталына кирүүсүн, о.э. социалдык түйүндөр аркылуу тиешелүү предметтер боюнча окуткан окутуучулар менен байланышын камсыз кылуу;

4.        Студенттерге электрондук окуу адабияттарын пайдалануу үчүн  төмөнкү сайттар аркылуу  базаларга кирүү мүмкүнчүлүктөргө ээ экендигин жеткирүү:

1)   Ирбис 64+ Кыргызско-Узбекского университета ( https://kuu.kg/электро/);

2)   Университетская библиотека Online https://biblioclub.ru/;

3)   Кирлибнет (Ассоциация электронных библиотек)  http://kyrlibnet.kg/ru/ec/ — Сеть академических библиотек Кыргызстана;

4)   i-book https://ibooks.oshsu.kg/  — электронно-библиотечная система ОшГУ.

5.        Профессордук-окутуучулар жамаатынын жогорудагы иш чараларды аткаруусу кафедра (бирикме) башчылары тарабынан көзөмөлдөнүп туруусу зарыл.

Эскертүү: Дистанттык окутуу технологиясын колдонуу менен окуу  процессинин уюштурулуусу боюнча ББжИ министрлиги тарабынан ар күн сайын маалыматтар суралууда жана жүргүзүлүп жаткан жумуштар боюнча маалыматтар берилүүдө. Ошондуктан окуу процессине тиешелүү бардык жумуштарды өз убагында аткарууңуздарды суранабыз.