Спорт — жаркын келечек

Бүгүн, 12-ноябрь Кыргыз-Өзбек университетинде 1-курстан 4-курска чейинки студенттердин факультеттер аралык спартакиадасынын ачылуу аземи болду. Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор, ф. и. к. Сыргак Сарыков өз сөзүндө спорттун жашоодогу жана жаштар арасындагы ордун айтып, катышуучуларга ийгилик каалап өттү. Андан кийин дене тарбия теориясы жана методика кафедрасынын башчысы Толкун Разыков, «Достук» спорт клубунун башчысы Курсан Каюмовдор куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, спартакиаданын өтүү эрежесин түшүндүрдү.

«Спартакиада достукту бекемдеп, университеттин курама командасын бышыктоо үчүн жыл сайын уюштурулуп келет. Мелдештерде мыктылыгын көрсөткөн спортчулар республикалык университеттер арасындагы спартакиадага катыша алат. 3 күн аралыгында спорттун 8 түрү боюнча мелдеш өтөт,»- деп билдирди «Достук» спорт клубунун төрагасы Азат Токтобаев.

Бүгүн стол тенниси, шахмат, тогуз коргоол оюндары боюнча мелдеш өтүп, мыктылары аныкталды.