Спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өттү

Бүгүн, 18-май күнү тарых-филология факультетинин деканын демилгеси менен Улуу жеңиштин 76 жылдыгына карата тарбия иштери боюнча декандын орун басары Равшан Абакуловдун уюштуруусунда тарых-филология факультетинин студенттеринин ортосунда спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өттү.
Спорттук иш-чарага КӨЭАУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Сарыков Сыргак Токтосунович, тарых-филология факультетинин деканы Тилекова Назира Дүйшөбаевна жана кафедра башчылары катышып, спорт сүйүүчүлөрүнө ийгиликтерди каалашты.