«СПИДсиз жашоо — жаркын келечек» аттуу конкурс өттү The competition «Life without AIDS — a bright future» was held

«СПИДсиз жашоо — жаркын келечек» аттуу конкурс өттү
#Медициналык_колледж
2021-жылдын 2-декабрь күнү медициналык колледждин химия, биология жана фармация бирикмеси тарабынан «СПИДсиз жашоо — жаркын келечек» аттуу конкурс өткөрүлдү.
Иш чарага Ош облустук СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун диспансердик көзөмөлдөө жана дарылоо бөлүмүнүн башчысы У.Т.Моторов, медициналык колледждин жетекчилиги катышты.
У.Т.Моторов конкурстан алдын студенттер үчүн ВИЧ вирусунун жугуу жолдору, анын алдын алуу, келип чыгышы жөнүндө презентация жасап, маалымат берди.
Ал эми конкурста СПИД, ВИЧ — оорулары боюнча суроо-жооптор, кызыктуу талкуулар, көйгөйлүү сахналык көрүнүштөр командалар тарабынан көрсөтүлүп, иш чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, жеңүүчү командаларга баалуу сыйлыктар тапшырылды.
Эскерте кетсек, 29-ноябрь күнү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин медициналык колледжи тарабынан 1-декабрь-СПИД оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата “СПИДсиз жашоо-жаркын келечек” аталышында бир жумулык жарыяланган.