“Сот системасын реформалоо” деген темада эл аралык тегерек стол болуп өттү.
2020-жылдын 23-декабрында Ташкент мамлекеттик юридикалык университети , Сот, укук коргоо органдары, жактоочулар кафедрасы, Өзбекстан Республикасынын Жогорку соту жана Кыргыз-Өзбек университетинин уюштуруусунда “Сот системасын реформалоо” деген темада эл аралык тегерек стол онлайн режиминде болуп өттү.
Аталган тегерек столдо Өзбекстан менен Кыргызстандын эл аралык тажырыйбалары тууралуу кенен сөз болду.
ТМЮУнун ректору, юридика илимдеринин доктору, профессор Хакимов Рахимжон Расулжонович, Кыргыз-Өзбек университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөп, тегерек столдун катышуучуларына ийгиликтерди каалап, келе жаткан жаңы жыл жакшылыктын, аруулуктун жылы болсун деген каалоо-тилектерин билдиришти.
Ошондой эле Улуттук Илимдер Академиясынын академиги , техника илимдеринин доктору, профессор, КР Жогорку Кеңешинин экс депутаты Мамасаидов Мухамеджан Ташалиевич тегерек столдун жүрүшүнө кенен токтолуп, өз пикирин айтты.
Андан соң Өзбекстан Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Назаров Мухаммадали “Учур талабындагы сот адилеттигинин жарандарга жеткиликтүүлүгүн жана сот бийлигинин ачык-айкындыгын камсыз кылуу аспектисиндеги Өзбекстан Республикасынын Жогорку Сотунун ишмердигиндеги жаңылыктары” деген темада баяндамасын жасады.
Ага улай эле КӨУнун юридика- бажы факультетинин деканы, юридика илимдеринин доктору Көкөева Алмагүл Мухтарбековна ”Кыргыз Республикасындагы сот бийлиги жана анын негизги белгилери”, Сот, укук коргоо органдары, жактоочулар кафедрасынын башчысы Камалова Дилдора Гайратовна “Сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн камсыздалышы жана сот ишмердигинин ачык-айкындыгы – сот системасында жүзөгө ашырылып жаткан реформанынын негизги максаты”, КӨУнун мамлекеттик укуктук сабактар кафедрасынын башчысы, Кыргыз Республикасынын Конституциялык кеңешмесинин мүчөсү, юридика илимдеринин кандидаты, доцент Мамасаидов Алимардон Мухамедович “ КРдагы сот реформасы: негизги этаптары жана багыттары”, Өзбекстан Республикасынын Жогорку Сот Кеңешинин алдындагы Сотторду даярдоо жогорку мектебинин кылмыш укугу кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин доктору, доцент Рахмонова Сурайё Махмудовна “Өзбекстан Республикасындагы кылмыш каралган сот өндүрүшүндө ишти соттук териштирүүгө киргизүүнүн альтернативдик жаңы формасы” деген темалардагы баяндамаларын жасашып конференциянын натыйжасы боюнча сунуштар-пикирлер айтылып, суроо-жооптор менен коштолду.





Суйорбек Таштемиров, Чаткалбай Райымбаев и ещё 16
Поделились: 1
Нравится
Комментировать
Поделиться