Сиздерди 14-май күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде боло турган ачык эшик күнүнө чакырабыз.
Заман шаарынан артта калбай , бул өмүрдө татыктуу жашап өтүү үчүн болгон күрөш алмуздактан бери келе жатат. Улуу көчтүн учугун улаган бүгүнкү күндүн жаш муундары эртеңки күндө бакубат жашап, улуттук балуулуктарыбызды сактап өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошо билишине туура багыт, жеткиликтүү билим берүүдө жогорку окуу жайлардын орду чоң.
Андыктан кымбаттуу бүтүрүүчүлөр!
Окуу жайды жана кесипти туура тандоо Сиздин алдыдагы жашооңуздагы эң негизги маанилүү мезгил болуп эсептелет.
Сиздер үчүн биздин илим-билимдин, маданияттын жана достуктун ордосу болгон куттуу университетибиздин эшиги ар дайым ачык.
#Ачык_эшик_КӨЭАУнун_Г_Айтиев_көчөсүндө_жайгашкан_башкы_имаратында_саат 9:00дө башталат.
