Сиздерди жалпы мусулман элдеринде өзгөчө мааниге ээ болгон Айт майрамы менен куттуктаймын!
#КУТТУКТОО!
Урматтуу мусулман бир туугандар, ардактуу мекендештер, Ош шаарынын жашоочулары жана Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин профессордук-окутуучулар жамааты, сүйүктүү студент достор!
Сиздерди жалпы мусулман элдеринде өзгөчө мааниге ээ болгон Айт майрамы менен куттуктаймын!
Кечиримдүүлүктүн, тазалануунун айы болгон Рамазан айында ар бириңиздердин кармаган орозоңуздар кабыл болсун!
Ар бир мекендешибиздин аруу тилектери орундалып, жергебизде ынтымак ыроолоп, бейкутчулук өкүм сүрсүн!
Өлкөбүз ар тараптуу өнүгүү жолуна түшүп, эгемендүүлүгүбүздүн түбөлүгү түз болсун! Жалпы журтту Жараткан күтүлбөгөн коогадан, дүйнөнү дүрбөлөңгө салып аткан ылаңдан сактап, асманыбыз ачык болуп, жергебизге берекенин куту консун!
#Райымбаев_Чаткалбай_Кенейбаевич
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор.
