Семинар тренинг өттү

2021-жылдын 18-май күнү Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде «Коомдук технологиялар» борбору тарабынан “Билим берүү процессинде тестирлөөнү колдонуунун теориясы жана методикасы: заманбап студенттердин билим жетишкендиктерин баалоо ыкмалары” аталышындагы семинар-тренинг болуп өттү.
Аталган семинарды КӨЭАУнин окуу иштери боюнча проректору Исаков Топчубай Эрешович ачып берип, угуучуларга ийгиликтерди каалады.
Семинар-тренингде г.и.к., доцент, билим сапаты жаатындагы эксперт Тиленова Дамира Каримовна окуу процессинде тестирлөөнү колдонуунун теориясы жана усулу тууралуу мазмундуу баяндамаларды жасап берди.
Соңунда семинардын катышуучуларына тиешелүү сертификаттар ыйгарылды.