КӨУнун окутуучулары Ташкент мамлекеттик университети уюштурган конференцияга катышты
17-апрель күнү Өзбекстан Республикасынын Ташкент мамлекеттик маалымат технологиялар университети тарабынан «Информациялык телекоммуникациялардын көйгөйлөрү жана чечүү жолдору» аталышында онлайн конференция уюштурулду. Онлайн конференцияга КӨУнун Эл аралык инвестиция жана тышкы байланыштар департаментинин директору, фил.и.д, профессор А.Т.Балтабаева окутуучулар М.Ташалиева, Г.Охунова, Г.Сариева, Н.Адышевалар катышты. Кыргыз-Өзбек университетинин мугалимдери санариптин жардамы менен «Гумманитардык дисциплиналарын окутуу» деген темада доклад жасашты.