Россиянын Санк-Петербург шаарындагы Д.Ф. Устинов атындагы “ ВОЕНМЕХ” Балтия мамлекеттик техникалык университети менен Кыргыз-Өзбек университети 2020-жылдын 17- ноябрында онлайн режиминде “Ачык эшиктер күнүн” өткөрүштү.

Аталган иш-чаранын жүрүшүндө “Программалык инженерия” адистигине эки диплом алууга багытталган ”2+2” билим берүү программасы боюнча Санкт-Петербург шаарындагы Д.Ф. Устинов атындагы “ ВОЕНМЕХ” Балтия мамлекеттик техникалык университетине 2020-жылга карата абитуриенттерди кабыл алууга багытталган биринчи жана экинчи курстун студенттери үчүн “Жогорку математика” сабагы боюнча виртуалдык академиялык мобилдүүлүктү жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн Кыргыз-Өзбек университетине ыраазычылык билдиришти.
Д.Ф. Устинов атындагы “ВОЕНМЕХ” Балтия мамлекеттик техникалык университетинен техника илимдеринин доктору, профессор, академик Иванов Константин Михайлович, Кыргыз-Өзбек университетинен ректор, экономика илимдеринин доктору, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич эки университеттин артыкчылыктары, билим берүү багыттары боюнча кенен маалымат беришти.