Профессор Али Турдугулов конок лекция өттү
Профессор Али Турдугулов конок лекция өттү
Бүгүн, 30-март күнү Кыргыз илимдер академиясынын ага илимий кызматкери, профессор Турдугулов Али Турдугулович Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде конок лекция өттү.
Алгач, Али Турдугуловду Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев кабыл алып, окуу жайдагы илимий багытта жүргүзүлүп жаткан иштери боюнча маалымат берип, эркин баарлашуу орун алды.
Андан соң тарых-филология факультетинин кыргыз филологиясы кафедрасынын окутуучуларына, студенттерге «Кыргыз адабиятынын тарыхы жана теориясы» деген темада кызыктуу конок лекция өтүп берди. Аягында илим жактайм деген студенттер үчүн өзүнүн кеңешин берип, конок лекциясын жыйынтыктады.
Тарых-филология факультетинин деканы Назира Тилекова ыраазычылыгын айтып, атайын сертификат тапшырды.




