ПМНО Кафедрасынын тарыхы

[one-half]ПЕДАГОГИКА ЖАНА БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН УСУЛУ[/one-half]

Кафедранын тарыхы

«Педагогика жана башталгыч билим берүү усулу» кафедрасы өз ишмердүүлүгүн КРнын конституциясына, «Билим берүү жөнүндө» мыйзамына, «ЖОЖдор жөнүндө» жоболоруна ылайык жүргүзөт жана   Кыргыз-Өзбек университетинин уставы 1997-жылдын 21-апрелинде бекитилген. КРнын Билим берүү жана илим министрлигинде катталган (буйрук №152-1 28.04.1997. каттоо №23-т ) 1998-жылы Кыргыз-Өзбек университетинде  мектептер үчүн мугалимдерди даярдоо максатында  университеттин илимий  кенешмесинин №22-токтому  менен  «Табият таануу» факультети түзүлүп, анын негизинде  «Педагогика жана башталгыч  билим берүү усулу» кафедрасы ачылды.

2001-2002-окуу жылында Музыкалык жана  педагогикалык кафедра ачылып, кафедра  факультеттин карамагына өтөт. Кафедраны педагогика  илимдеринин кондидаты, профессор  Худайбердиев  Алмаз Хашимович жетектеген.

2005-жылы  кафедраны педагогика  илимдеринин  кандидаты, доцент Р.П. Анаркулов жетектеген.

2010-2011-окуу жылынан баштап,  педагогика  факультетинин  «Педагогика», «Психология» кафедралары биригип, Тарых филология факультетинин Өзбек филология жана педагогика»  кафедрасынын башчысы  болуп, педагогика илиминин кандидаты М.С.Кадырова  дайындалган.

2012-2013-окуу жылында  өзбек  тили жана адабияты адистиги  жоюлгандыгына байланыштуу №65 14.09.2012-жыл буйруктун  негизинде  «Башталгыч  билим берүүнүн педагогикасы жана усулу» кафедрасы болуп, аны п.и.к., доцент М.С.Кадырова  жетектеп келди.

2013-2014-окуу жылынын сентябрь айынан баштап, кафедра  Табигый-педагогикалык  факультетинин карамагына  өттү, кафедра башчысы  болуп,  п.и.к., М.С.Кадырова  жетектеп келүүдө.

№550700 адистиги «Башталгыч билим берүүнүн усулу жана педагогикасы»  адистигин даярдоо боюнча окуу жүктөмдөр, окуу программалар  дициплиналар, талапка жооп берет.

№09)06, 18.06.2012-ж. лицензиянын негизинде жогорку квалификациялуу мугалимдер даярдалууда.

Биздин  кафедранын негизги идеологиясы-«ПМНО-биринчи». Сапаттуу билим алууга бардык шарттарды түзүп берүү, ар бир окутуучунун жана студенттин потенциалын ачуу биздин биринчилигибиздин негизин түзөт. Биз студенттердин кызыкчылыгы үчүн иштегенди, алар менен сыймыктанганды  билебиз. Студент жөн гана студент эмес, чон ынтымактуу коллективдин мүчөсү.

      Кафедранын максаты:

Кафедранын максаты –«550700» адистиги боюнча  жогорку квалификациялуу мугалимдерди даярдоо.  Келечектеги  мугалим боло турган  студенттерди педагогикалык  маданияттын  талаптарына  ылайык калыптандыруу, патриоттуулукка тарбиялоо.

  • Заманбап педагогикалык, психологиялык технологиялар менен иштөөсүн камсыз кылуу;
  • Өз алдынча иштөөсүн, аудиториядан тышкары иштерин жөнгө салуу жана аны көзөмөлдөө;
  • Жаңы көргөзмө курал, компьютер, жаңы технологиянын каражаттары, методикалык колдонмолорду кафедранын илим жактан  өнүгүшүнө  ылайыкташтыруу жана иштин жүрүшүн бекемдөө;.
  • Ар кандай кружокторго катышуусун, долбоорлорду жана жаштар саясатын, илимий иштер боюнча программаларды иштеп чыгууларын, түрдүү масштабдагы олимпиадаларга катышууларын арттыруу:
  • Бүтүрүүчүлөрдүн идея нравалык, маданий-чыгармачылык, көркөм-эстетикалык жана гумандуулук сапаттарын калыптандыруу.

Кафедрада азыркы учурда 2 илимдин кандидаты, 6 ага окутуучу, 1 лаборант эмгектенүүдө.

  1. Кадырова М.С.- педагогика илиминин кандидаты, кафедра башчысы.
  2. Айтышова Ж.Т. – ага окутуучу
  3. Орозбаева А.Ы. – ага окутуучу
  4. Абиева Ю. А. – ага окутуучу
  5. Хакимова.М.Ы. – ага окутуучу
  6. Казканова Ч.Т. – ага окутуучу
  7. Хаджаева К.К. – ага окутуучу
  8. Абдисамат кызы Ыкыбал – лобарант.

Кафедранын  окуу-усулдук. Илимий иш багыттары боюнча аткарыла турган милдеттери

-Кафедранын  негизги максаты Кыргыз Республикасы жана СНГ жана кошуна өлкөлөрүнүн ЖОЖ, лицей, мектеп колледждер үчүн жогорку  деңгээлдеги  педагогикаларды  жетиштирип берүү;

-Мезгил талабына ылайык таанып билүү, илимий изилдөө, окутуу багытындагы ыкмалар жаңы технологияларды колдонуу;

-Өз алдынча чыгармачылык  менен иштөөгө, өз жөндөмүн  өстүрүүгө студенттерди үйрөтүү:

-Ар кандай илимий, коомдук иш-чараларга (конференция, кенеш, семинар ж.б.) жоопкерчиликтүүлүк менен катышуу;

-Кафедрада окутуучулардын өзүнө бекитилген  тема жана илимий-изилдөө иштери боюнча макала, колдонмо, окуу-усулдук китептерди даярдоого катышуусун талап кылуу.