ПМНО Бүтүрүүчүлөрү

[one-half] БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН УСУЛУ[/one-half]

Жоолук билимге тоскоол эмес: Президенттик стипендияга татыган Айзат

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 25-декабрда 2017-2018-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларынын студенттерине президенттик стипендия тапшырды.

69 студент окуудагы жана коомдук иштердеги жетишкен ийгиликтери үчүн президенттин колунан сыйлык алышты.

Алардын арасында – Оштогу Кыргыз-Өзбек университетинин табигый -педагогикалык факультетинин 4-курсунун студенти Айзат Кудайбердиева да бар.

Айзат талыкпаган эмгеги, билим алууга болгон күжүрмөн аракетинин аркасында мындай стипендияга татыды.

Айзат Кудайбердиева фейсбук досторуна өзүнүн кубанычы менен тең бөлүшүп, сүрөтүнүн астына: Ураа!

Кыял — максат — план — дуа — аракет — аракет — даагы аракет — каршылыктар — шылдыңдоолор — ишенбестиктер — тоскоолдуктар — үмүт — сабр = жеңиш! Алхамдулильлях” деп жазган.

Айзат сөз менен жеткире алгыс сүйүнүчүн жашырган жок:

“15 жылга чукул убакыттан бери мен окуган Кыргыз-Өзбек университетинен президенттик стипендия алгандар болбоптур. Окуу жайымды таанытуу мен үчүн чоң сыймык. Бизге билим берген агай-эжелериме чексиз ыраазымын”,-дейт Айзат.

Кошумчаласак, ушул жылдын башында Айзат өзүнүн авторлугундагы «Максатка карай кадам» аттуу китептин бет ачарын тартуулган. Айзаттын айтымында, бул китепти жазууга, биринчиден, анын алдыга койгон оргуштаган максаттары, экинчиден, мотвациялык тематикадагы китептери, үчүнчүдөн, калбай катышкан тренинг-семинарлары себеп болгон:

Баса белгилей кетсек, президенттик стипендияга жетүү үчүн студенттер жалаң “5” деген баага окуп, коомдук иштерге активдүү катышыш керек.


БББУ кафедрасынын 2019-жылкы бүтүрүүчүлөрү