Педагогика жана психология кафедрасында конок лекция өттү
🔵КӨУнун окуу департаментине караштуу педагогика жана психология кафедрасы тарабынан онлайн конок лекциясы уюштурулду.
🔵Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин гуманитардык факультетинин педагогика бөлүмүнүн башчысы п.и.д., профессор Акматали Алимбеков «Студенттердин өз алдынча иштеринин түрлөрү, формалары жана аларды уюштуруунун методдору» тууралуу баяндама жасап, кенен маалымат берди.