Ош мамлекеттик университетинин сүрөт, эмгек жана черчение кафедрасы, Кыргыз-Өзбек университетинин колдонмо механика жана көркөм долборлоо технология кафедрасы…
Ош мамлекеттик университетинин сүрөт, эмгек жана черчение кафедрасы, Кыргыз-Өзбек университетинин колдонмо механика жана көркөм долборлоо технология кафедрасы, Ош технологиялык университетинин тигүү өндүрүшү кафедрасы менен биргеликте ички өнөктөш келишимине кол коюлду.
Аталган келишимдин негизинде 2020-2021-окуу жылында бир канча иштерди чогуу аткаруу планы түзүлдү.
Конок лекцияларды өтүү, мода-2021 конкурсун уюштуруу, жеңил өнөр жай багытында олимпиадаларды уюштуруу ошондой эле университеттер арасында «Жазгы ачылыш» деген темада сүрөт көргөзмөсүн өткөрүү иштери каралды.