Орус тили жана адабияты декадасы жыйынтыкталды
Бүгүн, 19-май күнү тарых-филология факультетинин орус филологиясы кафедрасы тарабынан уюштурулган орус тили жана адабияты декадасынын жыйынтыктоочу бөлүгү болуп өттү.
Иш-чарага КӨЭАУнун илимий иштер боюнча проректору, техника илимдеринин доктору, профессор Медербек Исманов, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, филология илимдеринин кандидаты, доцент Сыргак Сарыков, тарых-филология факультетинин деканы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Назира Тилекова катышып, орус тили жана адабияты декадасынын активдүү катышуучуларына грамоталарды тапшырышты.
Андан соң келген коноктор орус филологиясы кафедрасы тарабынан даярдалган концерттик программага күбө болушту.
Белгилей кетсек, он күнгө созулган орус тили жана адабияты декадасынын алкагында көргөзмөлүү сабактар, студенттер үчүн ар кандай кызыктуу конкурстар, оюн-зооктор уюштурулуп турду.




