Онлайн тегерек стол өттү

Онлайн тегерек стол өттү

24-апрель күнү каржы-экономика факультетинин каржы жана башкаруу кафедрасы, «Инновациялык экономика» илим изилдөө борборунун илимий кызматкерлери тарабынан биргелишип уюштурган онлайн тегерек стол болуп өттү.

«Корона вирус ылаңынын экономикалык кесепеттери» деген теманын үстүндө уюштурулган тегерек столго кыргызстандагы башка жогорку окуу жайлардын илимпоз-окумуштуулары, аспиранттар, студенттер катышты.
💼👜👝👓
Учурдагы көйгөйлөрдү жеңилдетүүнүн жана азайтуунун жолдору илимий негизде каралып, талкууланды. Тегерек столдун катышуучулары онлайн байланышты дагы да күчөтүп, форматын кеңейтүү боюнча маселелерди ортого салып сунуш, пикерлер айтылып, кызыктуу талкуу менен коштолду.