Онлайн семинар болуп өттү
2021-жылдын 18-март күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин эл аралык байланыштар жана инвестициялар департаменти тарабынан онлайн семинар уюштурулду.
Онлайн семинарды Туркиянын Агры Ибрагим Чечен университетинин профессору, психология илимдеринин кандидаты Султанберк Халматов «Аярлуу катмарлар менен иштөөдөгү арт терапия жана методикалар» деген темада өттү.
Аталган семинарга университеттин гуманитардык-педагогикалык факультетинин, каржы-экономика факультетинин жана медициналык колледжинин студенттери жана түзүм жетекчилери катышты.
Семинар суроо, жооп, талкуу менен коштолду.
Университеттин эл аралык байланыштар жана инвестициялар департаменти жана түзүмдөрдүн жетекчилери Султанберк Халматовго терең ыраазычылыктарын билдиришти.



