Онлайн кызматташуу уланууда
Монголия өлкөсүндөгү Ховда шаарындагы Ховда университетинин Баян-Олгий аймагындагы филиалынын директору, профессор Жылкыайдар кызы Хиналган, доктор (Ph.D) Хазиуль Дареже, докторант Марат кызы Инжунун тарабынан «Кыргыз, Казак жана Монгол элдеринин адабий байланыштары» боюнча онлайн конок лекция өтүлдү. Конок лекция кыргыз филология кафедрасы тарабынан уюштурулуп, студенттер үчүн кызыктуу маалыматтар айтылды.
КӨУнун ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев жогорку окуу жайлар ортосунда болуп жаткан иш- аракеттерге ийгиликтерди каалап, мындан нары дагы кызматташууга кызыктар экенин билдирди.
Андан сырткары КӨУнун Эл аралык инвестиция жана тышкы байланыштар департаментинин директору, профессор Аида Балтабаева, илимий иштер боюнча проректор, т.и.д. Медербек Исманов, ф.и.к., доцент Акмарал Тентимишовалар катышып, өздөрүнүн пикирлерин ортого салып, талкуулашты.