Онлайн конок лекция уюштурулду
14-апрель күнү КӨУнун Эл аралык байланыштар жана инвестициялар департаментинин колдоосу менен тарых-филология факультетинин англис филология кафедрасында онлайн форматта конок лекция уюштурулду. Онлайн лексияны Н.Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов өтүп берди. «Студенттердин окуу жараянына активдүү катышуусу» деген темадагы лекциясын англис тили адистигинде окуп жаткан студенттер менен окутуучулар жамаатына бөлүштү. Лекция интерактивдүү форматта болуп, студенттер жана окутуучулар суроо берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Лекциянын жүрүшүндө активдүү катышкан студенттерге Дүйшөн Шаматов » Билимге умтулуу» деген китебин белек кылаарын убадалады.
Конок лекцияга тарых-филология факультетинин деканы, п.и.к., доцент Назира
Тилекова катышып, модераторлук милдетти өз демилгесине алды.