Онлайн конок лекция: ТФФ
Тарых-филология факультетинин англис филология кафедрасы тарабынан онлайн конок лекция уюштурулду. Конок лекцияга КӨУнун эл аралык инвестиция жана тышкы байланыштар департаментинин директору, фил.и.д., профессор Аида Балтабаева катышып, лекциянын жүрүшүнө ийгиликтерди каалады. Лекциянын коногу Украина улуттук авиация университетинин лингвистика жана социалдык коммуникация кафедрасынын доценти Сенчило Надежда Алексеевна болду. С.Н.Алексеевна «Адам жашоосундагы маданияттын ролу» деген темада лекциясын окуду.
Ошондой эле КӨУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштери боюнча проректору, ф.и.к., доцент Сыргак Сарыковдун колдоосу менен «Жетиген» мектеп-лицейинин директору, п.и.д., доцент Кыялбек Акматов «Мугалимдин ийгилик сырлары эмнеде?» деген теманын айланасында онлайн талкуу уюштуруп берди. Талкууга жаш окутуучулар, студенттер катышып, суроо-жооптор менен коштолду.