Окуу усулдук семинар
28-апрель күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин табигый-педагогика жана маалыматтык технологиялар факультетинде окуу-усулдук семинар болуп өттү.
Окуу-усулдук семинарды Ош мамлекеттик университетинин эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к., доцент Өскөнбаев Маралбек Чотоевич «Виртуалдык лабораторияны пайдаланып, физиканы окутуунун жолдору» деген темада өтүп берди.
Семинардын жүрүшүндө Маралбек Өскөнбаев өзүнүн «Лирикадагы физика» аталышындагы китебинде жазылган ырларын жана табышмактарын окуп берип, комузда кол ойнотуп күү чертип, өзүнүн чыгармасындагы обондуу ырларын ырдап, семинардын катышуучуларынын маанайын көтөрүү менен, алардын терең ыраазычылыгына ээ болду.
Ал эми окуу-усулдук семинарды уюштуруу ишин математика, физика жана окутуунун усулу кафедрасынын мугалимдери колго алган.




