Окуу – усулдук ишмердүүлүк
Окуу – усулдук ишмердүүлүк
Тарых жана философия кафедрасы социалдык – экономикалык билим берүү багытынын: тарых профилиндеги бакалавр даярдашат. Социалдык –экономикалык билим берүү багыты: тарых профили боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген окуу планынын негизинде бакалавр даражасына окуу пландары түзүлүп, окуу департаменти тарабынан жактырылып бекитилген. Ал окуу пландын негизинде жумушчу окуу пландары, семестрдик окуу пландары түзүлгөн. Тарых жана философия кафедрасынын окутуучулары тарабынан ар бир дисциплина боюнча бакалавр үчүн жумушчу программалар, силлабустар талаптарга ылайыкталып иштелип чыккан.
Социалдык экономикалык билим берүү багыты: тарых профилинде СЭБТ-1-19, СЭБТ-2-19, СЭБТ-1-18, СЭБТз-17, СЭБТ-1-16, СЭБТз-1-16 тайпалары окуйт. Жалпы студенттин саны 185ти түзөт. Анын ичинен 23 студент бюджеттик негизде, 162 студент контракттык незизде билим алышат.
Тарых профилинде күндүзгү окуу бөлүмүндө СЭБТ-1,2-19 тайпалары Байыркы Чыгыш тарыхы, Адистикке киришүү, Алгачкы коом тарыхы, Греция жана Римдин тарыхы, Археология дисциплиналарын окуп жатышат.
Жаңы окуу жылына карата ага окутуучу Сариева Г.А. тарабынан Байыркы Чыгыш тарыхы, ага окутуучу Охунова Г.А. тарабынан Россия тарыхы, ага окутуучу Ташалиева М.М. тарабынан Борбордук Азиянын тарыхы боюнча окуу – усулдук комплекс пландаштырылды.