Илимий-изилдөө ишмердүүлүгү

[one-half-first]ИНФОРМАТИКАНЫН ОКУТУУНУН УСУЛУ[/one-half-first]

Кафедранын илимий-изилдөө ишмердүүлүгү

Информатика жана окутуунун усулу кафедрасында 6 окутуучу эмгектенет (6 — штаттык негизде). Алардын ичинен 3 – илимдин кандидаты, доценттер,  1 – ага окутуучу, 1 окутуучу жана 2 окуу жамдачы персоналдар. Сапаттык курамы 50%. Кафедра башчысы ф.-м.и.к., доцент Жээнтаева Жумагул Кенешовна.

Кафедра мүчөлөрү окуу-усулдук, илимий-изилдөө, маданий-массалык жана тарбиялык иштер боюнча факультеттин жана университеттин ичинде эле активдүү катышпастан, республикалык жана эл аралык деңгээлдеги иш-чараларга да катышып, бир канча ийгиликтерге жетишип келүүдө.

Илимий-изилдөө иштери

а) Илимий долбоорлор

Кафедранын окутуучулары кафедра башчысы, доцент Ж.К.Жээнтаеванын жетекчилиги астында, Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик программасы боюнча илимий-техникалык долбоорлордо 2010-2012-жылдары «Табигый дисциплиналар боюнча электрондук окуу методикалык комплекстерди колдонуунун методдорун иштеп чыгуу жана аны  кредиттик окутуу технологиясы жараяндарына жайылтуу» жана 2013-2014-жылдары “Орто кесиптик жана жогоркуу окуу жайларында табигый математикалык дисциплиналарды окутууда инновациялык курстарды жаратуу” аттуу  темаларда  илимий долбоорлордун үстүндө иштешип, КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган комиссиянын алдында отчетторун ийгиликтүү тапшырышкан.

б) Эл аралык илимий иш чаралар

Кафедра мүчөлөрү чет өлкөлүк эл аралык илимий конференцияларда, конгресстерде, семнарларда жана форумдарда илимий докладдарды жасашып, ар дайым активдүү катышып турушат:

  • Ж.К.Жээнтаева, А.Х.Жораев: Түрк дүйнөсүндөгү математиктер коомунун бүткүл дүйнөлүк конгресстеринин активдүү катышуучулары. 2009-жылы 30.06-4.07 күндөрү Казахстандын Алматы шаарында өткөрүлгөн III Дүйнөлүк Конгрессте (http://conf.kaznu.kz/CTWM-2009), 2014-жылы 5-7 июнь күндөрү Кыргызстандын Ысык-Көл областынын Чолпон-Ата шаарында өткөрүлгөн V ДүйнөлүкКонгрессте (http://ca-news.org/print:1049936/), 2017-жылы 2–5 октябрь күндөрү Казахстандын Астана шаарында өткөрүлгөн VI Дүйнөлүк Конгрессте (http://www.twms-astana-2017.kz/ ) илимий докладдары менен катышышкан.
  • А.Х.Жораев: Узбекстандын Ташкент шаарында Ташкент мамлекеттик педагогикалык университети, Узбекстандын улуттук университети жана математика институту уюштурган эл аралык конференцияга, 2013-жылы май айында катышып келген.
  • Ж.К.Жээнтаева: Россиянын Москва шаарындагы Россия эл достугу университетинде (РУДН) өткөрүлгөн эл аралык илимий конференцияга, 2014-жылдын декабрь айында катышып келген.
  • Ж.К.Жээнтаева, А.Х.Жораев: Россиянын Улан-Уде (Байкал) шаарындагы ВСГТУда өткөрүлгөн эл аралык илимий конференцияга, 2015-жылдын июнь айында катышып келишкен;
  • Ж.К.Жээнтаева, А.Х.Жораев: Казахстандын Алматы шаарындагы Казахстан улуттук педагогикалык университетинде эл аралык илимий –методикалык конференцияга, 2015-жылдын октябрь айында катышып келишкен.
  • Ж.К.Жээнтаева: Россиянын Москва шаарындагы Москва мамлекеттик университетинде (МГУ) өткөрүлгөн эл аралык илимий семинарга, 2015-жылдын ноябрь айында катышып келген;
  • Ж.К.Жээнтаева, А.Х.Жораев жана Х.С.Сабирова Ысык-Көл областынын Чолпон-Ата шаарында өткөрүлгөн эл аралык математиктердин форумуна, 2015-жылдын июнь айында катышып келишкен.

в) Илимий монографиялар

2017-жылы монографиялар Демократиялык Республикасынын Немейтик улуттук библиотекасынын илимий журналдарды чыгаруучу басмаканасынан (LAP LAMBERT Academic publishing) кафедра мүчөлөрү Ж.К. Жээнтаеванын «Исследование асимптотики решений уравнений с малым запаздывание» (https://www.amazon.com/тема Ж.К.Жээтаевой/) жана А.Х.Жораевдин «Исследование топологических пространств кинематическим методом» (https://www.amazon.com/тема А.Х.Жораева/) аталышындагы илимий монографиялары жарыкка чыкты.