Окутуучулар арасында интеллектуалдык оюн өттү

Бүгүн, 21-апрель күнү Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата кесиптик колледждин педагогикалык сабактар бирикмеси тарабынан «Интеллектуал окутуучу» деген аталышта окутуучулар ортосунда таймаш болуп өттү.
 Аталган таймашка 6 бирикмеден 12 окутуучу катышып, 6 команда түзүлдү.
Интеллектуалдык таймашта окутуучулар өздөрүнүн билимдүүлүгүн, шамдагайлыгын, чыгармачылыгын жана оратордук чеберчиликтерин көрсөтүштү.
Жыйынтыгында жеңүүчүлөр диплом менен сыйланышты.