Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму өттү
28-январда Кыргыз-Өзбек университетинин Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму өттү.
Күн тартибине ылайык “Инновациялык технологиялар” ИИИнин, Илим жана аспирантура бөлүмүнүн, “Илим. Билим. Техника” эл аралык журналынын 2020-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана өнүгүү перспективалары боюнча баяндамалар жасалды.
Ошондой эле КӨУнун 2020-жылдагы илимий ишмердүүлүгү боюнча жыйынтык эсеп-кысабы жана өнүгүү перспективалары тууралуу КӨУнун илимий иштер боюнча проректору, т.и.д., профессор Исманов Медербек Марипжанович баяндама жасап, аткарылган иштер боюнча маалымат берди.
Отурумда окумуштуулар кеңеши тарабынан баяндамачыларга суроолор берилип, сунуш-пикирлер айтылып, талкуу менен коштолду.




Поделиться