Окумуштуулар кеңешинин биринчи отуруму өттү
Бүгүн, 13-сентябрь күнү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окумуштуулар кеңешинин биринчи отуруму өттү.
Күн тартибине ылайык окуу жайдын ректору, э.и.д., профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич университеттин 2020-2021-окуу жылына пландаштырылган негизги маселелердин аткарылуусу боюнча маалымат берип, 2021-2022-окуу жылына карата ишмердүүлүктүн багыттары боюнча иш планын тааныштырып, окумуштуулар кеңеши тарабынан колдоого алынып бекитилди.
Андан сырткары 2021-2022-окуу жылына университеттин функционалдык-структуралык түзүмүн бекитүү жана тиешелүү жетекчилерди дайындоо, университеттин окумуштуулар кеңешинин отурумдарынын 2021-2022-окуу жылы үчүн иш планын бекитүү иштери каралды.
Соңунда, университеттин ректору, э.и.д., профессор Чаткалбай Райымбаев окуу жайдын профессордук-окумуштуулар жамаатына жаңы окуу жылын жаңы дем, чыгармачылык эргүү менен баштап, студенттерге сапаттуу билим берип, алардын бизге болгон ишеничин актаганга аракет кылыңыздар деген каалоосун билдирди.





Вы, Сыдыкбек Апиш Уулу, Ырысбу Осмонова и ещё 86
Комментарии: 2
Поделились: 4
Нравится
Комментировать
Поделиться