Норматив — сергек жашоого жол!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин мектеп жана студенттик спортту өнүктүрүү боюнча дирекциясы тарабынан «Калкты дене бой жактан даярдоо системасынын негизи — норматив» аталышындагы Оштогу жогорку окуу жайлар арасында флешмоб уюштурулду. Нормативдик флешмоб Ош мамлекеттик университетинин педагогика жана дене тарбия факультетинде өткөрүлүп, иш-чарага Оштогу бардык жогорку окуу жайлар тартылды. Алардын ичинен Кыргыз-Өзбек университети да активдүүлүгүн көрсөтө алды.