Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өттү

 20-март күнү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети Ош шаарынын «Мээрим» эс алуу багында Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чара уюштурду.
Аталган майрамдык салтанатка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, вице-мэрлер, Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлери, шаардагы бардык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Алар майрамга карата даярдалып жаткан сүмөлөктү аралаштырып, Нооруз майрамына карата каалоо-тилектерин айтышты.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов майрамдык иш-чаранын катышуучуларына куттуктоосун айтып, университеттин жамаатына ыраазычылыгын билдирди.
Салтанат Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин табигый-педагогика жана маалыматтык технологиялар факультетинин таланттуу окутуучулар жамааты тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.
Иш-чаранын соңунда Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев келген конокторду Нооруз майрамы менен куттуктап, жакшы тилектерибиз, асыл максаттарыбыз ишке ашып, элибиз ынтымакта жана биримдикте өмүр кечирип, мамлекетибизде молчулук болсун деген тилегин жолдоду.