Нооруз жаз майрамы
Жаратылыштын жандануусун жар салган Нооруз майрамы Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде сүмөлөк кайнатуу менен башталды.
Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев майрам алдында жалпы жамаатты куттуктап, Нооруз берекенин, токчулуктун майрамы. Арабызда ар дайым биримдик, ынтымак болуп, ишиңиздерди ийгиликтер жылоолоп, элибизге ынтымак-ырашкерлик, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай орносун деген каалоосун билдирди.
Ошондой эле окуу иштери боюнча проректор, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Топчубай Ысаков: «Жаздын ар бир күнүн пайдалуу өткөрүп, кампаңар мол түшүмгө толо берсин, жылыбыз молчулуктун, бейкутчулуктун жылы болсун»-деген ак тилегин жолдоду.
Белгилей кетсек Нооруз майрамы жыл сайын университеттин түзүмдөрү тарабынан кезек-кезеги менен уюштурулуп, сүмөлөк кайнатылып келет. Быйылкы жылы Нооруз майрамын уюштурууну каржы-экономика факультетинин жамааты колго алган.




