МЫ РАЗНЫЕ МЫ РАВНЫЕ
«МЫ РАЗНЫЕ-МЫ РАВНЫЕ» аттуу кол өнөрчүлүк аянтчасы өз ишин баштады
2021-жылдын 21-декабрында каржы-экономика факультетинин экономика, бухгалтердик эсеп жана социалдык иш кафедрасы тарабынан уюштурулуп жаткан «МЫ РАЗНЫЕ-МЫ РАВНЫЕ» аттуу жаңы жылдык инклюзивдик кол өнөрчүлүк аянтчасы өз ишин баштады.
Бүгүн конокто «Ош шаарындагы кыймыл-таяныч тутумундагы ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден-соолугун калыбына келтирүү» борборунда тарбияланып, дарыланган балдар социалдык иш багыты боюнча билим алган 4-курстун студенттери менен биргеликте жаңы-жылдык белектерди даярдашты.
Аталган кол өнөрчүлүк аянтчасы 26-декабрга чейин биздин окуу жайда өз ишмердүүлүгүн улантат.
Ишмердүүлүктүн максаты- социалдык иш, психология багытында билим алган студенттерде кесиптик компетенцияларды калыптандыруу, коомдо инклюзиянын жайылуусуна көмөктөшүү жана дене мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коомго интеграциялоо болуп саналат.




