Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов иш сапары менен Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине келди

2022-жылдын 21-май күнү Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов менен бирге Билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов жана Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине келишти.
Алгач конокторду окуу жайдын жетекчилиги тосуп алып Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин материалдык-техникалык базасы менен жакындан тааныштырып чыгышты. Ошондой эле жакынкы аралыкта курула турган жаңы имараттар боюнча маалыматтар берилди. Андан соң профессордук-окутуучулар жамааты менен жолугушуу уюштурулду.
Жолугушууда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов билим берүү тармагында бир катар өзгөрүүлөр болуп жатканын айтып, окутуучуларды заман талабына жараша изденип, студенттерге татыктуу билим берүүгө үндөдү. Университеттин окутуучулары тарабынан берилген суроолоруна жооп берип, алардын сунуш-пикирлерин угуп, колдой турганын айтты.
Буга улай эле Билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов билим берүү багытындагы жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча кенен маалымат берди.
Соңунда келген коноктор окуу жайдын эмгек жамаатына ийгиликтерди каалап, өркүндөп өсө бергиле деген тилектерин билдиришти.