Мектеп бүтүрүүчүлөрү Кыргыз-Өзбек университетинде
Бүгүн, 16-январда Ош облусунун Ноокат районунун мектеп бүтүрүүчүлөрү Кыргыз-Өзбек университети менен жакындан таанышып кетишти.
Окуучуларды кесип тандоого жана келечекте өз окуу жайын туура тандоого багыт берүү максатында «Секом Ноокат» билим берүү борбору Ош шаарындагы жогорку окуу жайлар менен таанышуу сапарын уюштурушкан.
Кыргыз-Өзбек университетинин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, ф.и.к., доцент Сарыков Сыргак Токтосунович, бириккен профсоюз уюмунун төрагасы Эгембердиев Шералы Манапович мектеп бүтүрүүчүлөрүн жылуу кабыл алып, университет жөнүндө кенен маалымат беришти.
«Секом Ноокат» билим берүү мекемесинин директору К.М.Нурунбаев Кыргыз-Өзбек университетинин ректору, э.и.д., профессор Ч.К.Райымбаевге, окуу жайдын жалпы жамаатына ыраазычылыгын билдирди.
Жаш жеткинчектердин маанайын көтөрүү максатында «Маданий-эстетикалык» борбору тарабынан чакан концерттик программа тартууланды.





Сыргак Сарыков, Суйорбек Таштемиров и ещё 67
Комментарии: 5
Поделились: 1
Нравится
Комментировать
Поделиться