Медициналык колледж: «Ийгиликтүү мугалим, изденүүнү токтотпойт»
27-апрель күнү мугалим, төкмө акын, Кыргыз-Өзбек университетинин бүтүрүүчүсү Идрис Айитбаев КӨУнун медициналык колледжинин гуманитардык сабактар бирикмесинин мугалимдерине онлайн семинар өттү. «Ийгиликтүү мугалим, изденүүнү токтотпойт» аталышында болуп өткөн баарлашууда учурдагы окутуучулардын коомдогу орду, алардын жасаган эмгектери тууралуу кенен сөз болуп, кызыктуу талкуу уюштурулганын колледждин мугалими Паязбек Турсунов билдирди. Кыргыз-Өзбек университетинин сыймыктуу бүтүрүүчүсү,
төкмө акын Идрис Айитбаев 2014-жылы Ош шаарында өткөн кыргыз-казак айтышында биринчи жолу чоң сахнага чыгып, ошондон тарта калың элге төкмө акын катары аты таанылган.