Медициналык колледжде иш берүүчүлөр менен жолугушуу өттү

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин медициналык колледжинин негизги билим беруу программаларын талкулоо боюнча иш берүүчүлөр менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууга Ош, Баткен областарынын райондорундагы жана Ош шаарындагы ооруканалардын жетекчилери, атйын адистери чакырылган.
Жолугушуунун жүрүшүндө КӨЭАУнун окуу иштери боюнча проректору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Топчубай Исаков келген конокторго ыраазычылык айтып, аларды университет менен тыгыз иш алып барууга чакырды.
Ал эми иш-чаранын негизги максаты окуу пландарды, программаларды жана компетенцияларды иш берүүчүлөр менен бирге талкуулап, билим берүү сапатын баалап, бүтүрүүчүлөрдүн жумушка жайгашуусун жана коомдо талап болуп жаткан адистиктерди аныктоо максатында сурамжылоо жүргүзүү болуп саналат.