Медайымдар күнүнө карата видео-роликтердин конкурсу өттү
2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына жана 12-май «Бүткүл дүйнөлүк медайымдардын күнүнө» карата «Менин окуу жайым — тагдырым, кубанычым, сыймыгым!» аттуу видео-роликтердин конкурсу өткөрүлдү.
Конкурс жалпы медициналык сабактар бирикмеси тарабынан уюштурулду.
Аталган конкурстун жобосу түзүлүп студенттерге алдын ала жөнөтүлүп, катышуучулар жободогу белгиленген шарттардын негизинде видео-роликтерди жиберишкен.
Жыйынтыгында уюштуруучулар тарабынан жеңүүчүлөр аныкталып 1-2-3- даражадагы диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.