“Манас” эпосу-улуттук филологиянын өзөгү” аталышында илимий-практикалык конференция өттү

2022-жылдын 10-февралында Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин тарых-филология факультетинде улуттук агартуучу, окумуштуу-педагог, котормочу жана манас таануучу, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Зыяш Бектеновдун жүз он жылдыгына карата “Манас” эпосу – улуттук филологиянын өзөгү” аталышындагы республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Аталган конференцияда кыргыз филологиясы жана манас таануу илимине байланыштуу китеп көрөзмөсү уюштурулду.
Түштүк жергесинде жайгашкан окуу жайлардан келген коноктор көргөзмө менен таанышып чыккан соң университеттин чоң жыйындар залында конференциянын пленардык жыйыны иш чараны улантты.
Ал эми алыскы аймактардагы окуу жайлардын илимпоздору бул конференцияга онлайн форматында катышты. Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаевдин жана чакырылган сый коноктордун куттуктоосунан кийин “Манас” эпосун жана Зыяш Бектеновдун илимий-чыгармачылыгын ачып көрсөткөн баяндамалар жасалды.
Андан соң конференция секциялык иштерде улантылып, жыйынтыгында илимпоздор жыйынтыктоочу пленардык жыйынга чогулуп, резолюция кабыл алуу менен илимий-практикалык конференция өз ишин жыйынтыктады.