«Манас айтуу» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттеринин жана билим берүү мекемелериндеги билим алып жана тарбияланып жаткан окуучулар арасында уюштурулган «Манас айтуу» сынагынын жыйынтыгы чыкты.
Аталган кароо-сынак ар бир окуу жайда өз өзүнчө уюштурулуп, 1-орунга тарых-филология факультетинин 2-курсунун студенти Асилбеков Оомат ээлик кылып, уюлдук телефон менен сыйланды.
Ал эми 2-орунга Талантбек кызы Нурзат, 3-орунга Асанкул кызы Мунара жетишип баалуу белектер менен сыйланышты.
Сынактын максаты «Манас» эпосунун эл арасында жайылышын, анын урпактан урпакка сакталышын камсыздап, кийинки муунга татыктуу жеткирүү болуп саналат.
Сынак Ош шаардык мэриясы тарабынан уюштурулган.