Мамлекеттик тил күнү белгиленди

2021-жылдын 23-сентябрында Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары кабыл алынган күнү белгиленди.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата уюштурулган салтанатка Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич катышып, мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө бараандуу салым кошкон Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин мугалимдерине жана студенттерге Ардак грамоталарды тапшырды.
Ректор өз сөзүндө Кыргыз тили — эгемен өлкөбүздүн ынтымагын арттырып, мекенге болгон сүйүүбүздү күчөтүп, маданиятыбызды, тарыхыбызды муундан муунга жеткирип сактап турат десек болот. Андыктан 23-сентябрь күнү гана Мамлекеттик тилибиз бар экенин эстеп, бир күндүк иш чара менен чектелбешибиз керек экенин баса белгиледи.
Салтанатты университеттин чыгармачыл жаштары тарабынан даярдалган майрамдык шаңы улады. Анда тил – улуттук баалуулуктардын, маданияттын, каада-салттын сакталышына, өнүгүшүнө негиз болгон башкы таяныч экендигин көрсөткөн турмуш агымдары, улуттук нарктын сакталышына жаралган тоскоолдуктар чагылдырылды.
Эне тилин даңазалаган чыгармаларды “Достук” чыгармачыл жаштар борборунун мүчөлөрү көркөм окушту. Обондуу ырлар аткарылып, тил күйөрмандарына майрамдык маанай тартууланды.
Social Share Buttons and Icons powered by Ultimatelysocial