Мамлекеттик тил борбору
Мамлекеттик тил борборунун башкы адиси

 

 

 

1. Кыргыз-Өзбек университетинде штаттык негизде Мамлекеттик тил боюнча проректор эмгектенет.                 
2. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн кааналар ачылган. Алар «Мамлекеттик тилди өнүктүрүү» борбору, «Мамлекеттик тилди үйрөтүү курстарынын каанасы»;                                                                                             
3. Университетте «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү» мыйзамынын, Президенттин Жарлыктарынын, Өкмөттүн токтомдорунун, буйруктарынын, «Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын» негизинде буйруктар чыгып, иш-пландар түзүлгөн. Алардын аткарылышын Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор көзөмөлдөйт.                                                                                                                                     
4. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча маселелер окумуштуулар кеңешинин отурумунда каралат.               
5. Кызматкерлердин Мамлекеттик тилди билүү деңгээли жогору, ар бир окуу жылында кыргыз тили курстарынан өтүп турушат.                                                                                                                                           
6. Университетте, факультеттерде Окумуштуулар кеңеши, чогулуштар, жыйналыштар, конференциялар, семинарлар, жолугушуулар мамлекеттик тилде жүргүзүлөт.                                                                                     
7. Иш кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлөт.                                                                                                       
8. Кызмат каттары, эсеп-кысаптар, буйруктар, билдирүүлөр жана башка бардык документтер мамлекеттик тилде жазылат.                                                                                                                           
9. Окуу жайда Мамлекеттик тилди өркүндөтүү маселеси жолго коюлуп, Кыргызча-орусча, орусча-кыргызча сөздүктөр, сүйлөшмөлөр, «Кыргызстан» энциклопедиясы, «Иш-кагаздары», «Кыргыз-тилинин жазуу эрежелери», «Терминдердин орусча-кыргызча сөздүгү» китептери менен камсыз болгон.                                   
10. Университетте компьютерлер баары кыргызчаланган.                                                                                         
11. Окуу бөлмөлөрүнүн, иш бөлмөлөрүнүн, имараттардын ички-сырткы жазылыштары, көрнөк-жарнактар мамлекетик тилде жазылган.                                                                                                                            
  12. Мамлекеттик тилди кеңири жайылтуу максатында «Мамлекеттик тилди үйрөтүү жана өнүктүрүү» борбору түзүлгөн. «Мамлекеттик тилди үйрөтүү жана өнүктүрүү» борборунун 2018-2019-окуу жылындагы окуу-усулдук иштери жана аткарылуучу иш-чаралары. Кыргыз филологиясы кафедрасынын алдында «Мамлекеттик тилди үйрөтүү жана өнүктүрүү» борбору 2002-2003-окуу жылында уюшулган. Борбордун негизги максаты —  Мамлекеттик тилди өнүктүрүү, негизги милдеттерин так аныктоо, ошондой эле Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн багыттарын ишке ашыруу. Борбор усулдук тарап болуп саналат жана ал өз ишмердигин КРнын  Конституциясынын мыйзамдарынын негизинде уюштурат. Борборго Мамлекеттик тилин өнүктүрүү жана колдонушун кеңейтүү максатында атайын мүчөлөр кабыл алынат. Ага кыргыз тили боюнча адис окутуучулар жана кызыгуусу бар студенттер мүчө болгон. Борбордун ишмердиги Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы иштеп чыккан мыйзамдардын негизинде түзүлгөн Кыргыз-Өзбек университетинин «Мамлекеттик тилди үйрөтүү жана өнүктүрүү» борборунун жобосу аркылуу ишке ашат. Борбордун ишмердиги
  • Борбор ишмердигин өз алдынча аныктайт жана пландаштырууга анын мүчөлөрү катышат. Борбор төмөнкүдөй иш-чараларды аткарат:
  •  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тилин жайылтуу;
  •  Мамлекеттик тилди изилдөө;
  •  Мамлекеттик тилдин окутулушун изилдөө жана жайылтуу;
  • Мамлекеттик тилге байланыштуу окуу куралдарын, окуу китептерин, сөздүктөрдү, ар түрдүү колдонмолорду, жыйнактарды даярдоо, рецензиялоо, басмадан чыгаруу жана реализациялоо;
  • Мамлекеттик тилге байланыштуу конференция, конкурстарды уюштуруу;
  • өзүнүн массалык маалымат каражаттарын түзүү жана ал аркылуу Мамлекеттик тилдин жайылтылышын чыңдоо;
  • Мамлекеттик тилге байланыштуу студент жаштар арасында түрдүү кароолорду, оюн-зоок иш чараларды, семинарларды, сынактарды өткөрүү;
  • кыргыз тилди үйрөнүүчүлөр үчүн курс уюштуруу жана репетитор даярдоо;
  • Мамлекеттик тил боюнча проблемаларды мамлекеттик жана коммерциялык массалык маалымат каражаттарына алып чыгуу; 2018-2019-окуу жылынын сентябрь, октябрь айларында «Мамлекеттик тилди үйрөтүү жана өнүктүрүү» борборунда аткарылган иш-чаралар.             «Мамлекеттик тилди үйрөтүү жана өнүктүрүү» борбору 2018-2019-окуу жылына түзүлгөн иш планынын негизинде иштерди алып барууда. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө Мэрия тарабынан жарыяланган үч айлык иш план түзүлдү жана анын негизинде иш-чаралар уюштурулду. Кыргыз тилине арналган факультеттер жана түзүмдөр арасында дубал газеталардын көргөзмөлөрү чыгарылды. Кыргыз тили жана адабияты мугалими п.и.к. Н.Тилекованын жетекчилиги менен студенттерге «Мамлекеттик тилдин келечеги» аттуу семинар уюштурулду. Борбордун мүчөлөрү тарабынан бардык факультеттерде баяндамалардын, эсселердин, дил баяндардын, элдик атуулдук ырлар жана улуттук аспаптарда ойноо боюнча сынактар өткөрүлдү. Мында Тарых-филология факультетинин, Медицина колледжинин студенттери артыкчылыктарын көрсөтүштү. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча Кыргыз тили жана адабияты тайпаларынын арасында окутуучу С.Жусуеванын жетекчилиги менен бир топ иш-чаралар уюштурулду. Сентябрь айында Кыргыз тили жана адабияты тайпаларынын арасында салтка айланган «Мен филолог» аттуу конкурс-таймашы өткөрүлүп, кыргыз элинин үрп-адаттары, каада-салттары жана студенттик турмуштан көрүнүштөр көрсөтүлдү. «Мамлекеттик тилдин келечеги — жаштарда» аттуу семинар өткөрүлүп, Ош областтык жаштар комитетинен жана шаардык жаштар комитетинен өкүлдөр келип катышып, Мамлекеттик тилдин өнүгүшүндө жаштардын орду, ролу жана келечеги жөнүндө кеңири талкуу болду. «Мамлекеттик тилди үйрөтүү жана өнүктүрүү» борборунун алдында Мамлекеттик тил боюнча теле берүү даярдалып, планы иштелип айына бир жолу «Гранит» телестудиясы аркылуу көрсөтүлөт. Бул долбоордун жетекчиси жана алып баргандар Кыргыз филологиясы кафедрасынын мүчөлөрү улук окутуучулар С.Жусуева, Г.Усаровалар. Борбордун алдында 2 клуб, 2 ийрим иш алып барууда. 1. «Ч.Айтматов» клубу (Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча газета чыгарат.) 2. «Билим-ринг» клубу (Отличниктердин дебаты). 3. «Жаш филолог» ийрими (илимий-семинар).  4. Фольклордук-драмалык ийрим (Т.Касымбеков). Бүгүнкү күндө Кыргыз-Өзбек университетинде Мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында Мамлекеттик тил комиссиясы борбордун мүчөлөрү менен биргеликте иш жүргүзүүдө.  Факультеттеги жана бөлүмдөрдөгү Мамлекеттик тил боюнча аткарылып жаткан иш-чараларды көзөмөлдөп, иш кагаздарынын жана нормативдик документтердин абалы менен таанышып, жакындан жардам көрсөтүп келе жатышат. Университеттин нормативдик документтери, адистер бөлүмдөрүндөгү, Окуу департаментиндеги, факультет жана түзүмдөрдөгү иш кагаздары Мамлекеттик тилде жүргүзүлөт.  «Мамлекеттик тилди үйрөтүү жана өнүктүрүү» борбору мындан ары да өз алдына төмөнкүдөй милдеттерди коет: — Мамлекеттик тил боюнча окуу, усулдук колдонмолорду, улуттук тайпалар үчүн окуу китептерин, сөздүктөрдө даярдоо; — кыргыз тилин үйрөтүүдө улантуучу тайпалар үчүн курстун абалын жакшыртуу; — университеттин Мамлекеттик тил боюнча иш-чаралардын деңгээлин мындан да жакшыртуу жана сапатын жогорулатуу; — Мамлекеттик тилге байланыштуу конференция, конкурстарды уюштуруу; — Мамлекеттик тил боюнча проблемаларды Мамлекеттик мекеме-уюмдарга, коомчулукка, маалымат каражаттарына алып чыгуу; — Университеттин борборлорунун жасалгалоосун жаңылоо жана заманбап эмеректер менен толуктоо; — Мамлекеттик тил боюнча китептерди сатып алуу.