Маданий-массалык иш — чаралар





Маданий-массалык иш — чаралар
«Айтматов таануу» студенттердин илимий ийриминин 2018-жылында пландаштырылган иштери толугу менен аткарылды.
Мамлекеттик тил күнүнө карата дубал газеталар чыгарылып ыр конкурстары уюштурулду.
Октябрь айында Кыргыз тили коомунун президенти Р.Курбановдун «Улут болсом тилим менен улутмун» аттуу кечесине студенттер активдүү катышышты. 10-ноябрь-илим күнү жана 17-ноябрь бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө арналып 16-ноябрда өткөрүлгөн «Билим илим жана маданият-жаркын келечек» аталышындагы студенттердин III илимий-аймактык конфернциясына студенттер кафедра окутуучуларынын жетекчилигинде активдүү катышышты. Улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата ФБК тайпаларынын арасында дубал газеталардын конкурсу уюштурулду. 12-декабрь жазуучунун туулган күнү-улуттук адабият күнүнө арналып ФБК-15 тайпасынын демилгеси менен «Ч.Айтматов-адабияттын баба дыйканы» аттуу акыл таймашы факультеттик деңгээлде өткөрүлдү. Ал эми ушул эле датага арналып университтеттеги факультеттер аралык «Аалам калемгери-Айтматов» фестивалы жогорку деңгээлде болуп өттү. «Айтматов таануу» клубунун «Ак санат» дубал газетасынын редколлегиясы тарабынан ар кандай иш-чараларга карата жаны сандары жарык көрүп келет. Аткарылган иш чаралардын баары университеттин сайтына жайгаштырылды.
«Акыл ордо» ийрими тарабынан пландалган иштер толугу менен аткарылды. Тактап айтканда, сентябрь айында ийримдин мүчөлөрү такталып, жыл ичинде аткарыла турган иштер такталды. Кыргыз тил илиминин калыптанышы, өнүгүшү жана тил илимине салым кошкон окумуштуулар, алардын эмгектери боюнча маалымат берилди. Ийримдин иш планында бекитилген белгилүү илимпоз-окумуштуулар менен жолугушуу планына ылайык 2018-жылдын 10-октябрында ф.и.д., профессор, белгилүү түрколог, Эл аралык Түрк академиясынын вице президенти К.Коңкобаев менен кафедра окутуучулары жана студенттери менен жолугушуу өткөрүлдү.
Ийримге мүчө болгон студенттер кафедра тарабынан уюштурулган студенттердин илимий семинарында, университеттик деңгээлдеги ар кандай темадагы конференцияларга, ошондой эле башка окуу жайларда өткөрүлгөн илимий конференцияларга активдүү катышып келе жатат.
«Сезим» чыгармачыл жаштар клубунда ырга шыктуу, кара сөзгө, жорго, сөзгө жөндөмдүү студенттер топтолуп, бири-бири менен чыгармачыл алакада болот. Алардын ырлары «Достук планетасы» газетасына жарыяланып жүрөт.
«Жаш лингвист» ийрими тарабынан пландалган иштер толугу менен аткарылды. Тактап айтканда, сентябрь айында ийримдин мүчөлөрү такталып, жыл ичинде аткарыла турган иштер такталды. Кыргыз тил илиминин калыптанышы, өнүгүшү жана тил илимине салым кошкон окумуштуулар, алардын эмгектери боюнча маалымат берилди.
«Айтматов таануу» ийрими тарабынан Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган «Чынгыз Айтматов кара сөздүн баба дыйканы» аталышында студенттер арасында акыл таймаш-оюну уюштурулду.
- 12-декабрь Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө жана улуттук адабият күнүнө арналган факультеттер арасында фестиваль өткөрүлдү. Ага тарых-филология факультеттин студенттери катышып, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрү көрсөтүлдү.