Маданий массалык иштери  

ИНФОРМАТИКАНЫ ОКУТУУНУН УСУЛУ

  1. Маданий-массалык жана тарбиялык иштер боюнча:

а) Спорт

Информатика жана окутуунун технологиялары кафедрасынын окутуучусу, ф.-м.и.к., доцент Жораев А.Х. Кыргызстандын чемпионатынын 1 лигасында 2013-жылдан бери катышып, ийгиликтүү оорундарды ээлеп келүүдө. Ал ар дайым шахмат боюнча университеттер аралык, шаардык, областтык, республикалык турнирлерге катышып, I, II, III жана байгелүү орундарга ээ болуп, спорттун “Шахмат боюнча мастерликке кандидат” наамына ээ.

Анын жетекчилигинде 2013-жылы Бишкекте Кыргызстандын студенттери арасында өткөрүлүүчү универсиаданын II лигасында шахмат боюнча К-ӨУнун кыздар командасы байгелүү 1-орунду жеңип келишкен.

2015-жылкы  универсиаданын  II лигасында шахмат боюнча, 12 команданын ичинен      К-ӨУнун балдар командасы 2-орунду жеңип алышкан.

 

б) ЖОЖдор арасындагы студенттик конкурстар

 

2014-жылдан бери жыл сайын Ош шаарындагы ЖОЖдордун “Информатика” багытындагы студенттер арасында  шайыр тапкычтар клубу (ШТК) сынагы өткөрүлүп турат.

2015-жылдын 10-апрелинде Ош технология университети (ОшТУ) тарабынан уюштурулган,  университеттер аралык өткөрүлгөн «XXI-кылым техника кылымы, ал эми XXII-кылымчы…….?» аттуу ШТК сынагында ИОУ кафедрасынын окутуучулары жетектеген ТПФнын студенттери катышып, 1-орунду ээлешти.

2016-жылдын 20-апрелинде  К-ӨУ тарабынан уюштурулган,  университеттер аралык өткөрүлгөн “Тарых жана маданият” жылына карата уюштурулган «XXI кылым технологиялар кылымы болду, ал эми XXII кылымчы…….?» аттуу  ШТК  сынагында да, биздин факультеттин студенттери 1-орунду ээлешти.

2017-жылдын 30-майында ОГПИ тарабынан уюштурулган,  университеттер аралык өткөрүлгөн “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата уюштурулган «XXI кылым технологиялар кылымы болду, ал эми XXII кылымчы…….?» аттуу  ШТК  сынагында биздин факультеттин студенттери 2-орунду ээлешти.