Эл аралык аккредитация жана рейтинг боюнча көз карандысыз НААР агенттиги Кыргыз-Өзбек университетине келди
Эл аралык аккредитация жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенттиги (НААР)
Бүгүн, 24-октябрь Эл аралык аккредитация жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенттиги (НААР) Кыргыз-Өзбек университетине келди. Окуу жайдын жалпы жамааты менен жолугушуу өткөргөн соң университеттин ректору, э.и.д., профессор Ч. Райымбаев жана проректорлор менен маектешүүсүн баштады.
“Эл аралык аккредитация жана рейтинг боюнча көз карандысыз НААР агенттигинен өтүү үчүн эки жылдан бери даярдык көрүп келебиз. Бүгүн аталган агенттиктен Казакстан, Латвиядан, жумуш берүүчүлөр, байкоочулардан турган 9 эксперттик курам келишип, өз ишин баштады. 3 күн аралыгында инcтитутционалдык жана программалык аккредитациядан өтүүгө белсенип турабыз. Институтционалдык дегенде университет жалпы түрдө, ал эми программалык аккредитацияга филологиялык билим берүү программасын сунуштадык.
Университеттин негизги максаты – аккредитациядан ийгиликтүү өтүү жана окуу жайдагы сапатты көрсөтүү. Университеттин бардык концептуалдуу программасын иштеп чыгып, миссиясын, стратегиялык өнүгүү пландарын, сапатка жетишүү проблемаларын чечтик.
Буюрса, аккредитациядан ийгиликтүү өтөбүз деген ишеничтебиз”,-деп билдирди окуу иштери боюнча проректор, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Топчубай Исаков.